АХМАДУЛИНА Белла (Изабелла) Ахатовна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:05, 19 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АХМАДУЛИНА Белла (Изабелла) Ахатовна (10. 4. 1937, Москва ш. ‒ 29. 11. 2010, Москва обл., Ленин р-ну, Переделкино, Россия) ‒ орус акыны, жазуучу, котормочу. Москвадагы М. Горький атн. адабият ин-тун бүткөн (1960). Чыгармалары 1955-жылдан жарык көргөн. 1960-жылдан эстрадалык поэзия аркылуу тааныла баштаган. 1964-ж. «Ушундай жигит бар» (реж. В. М. Шукшин) фильмине тартылган. Адамдардын ички акыл-ой мүдөөлөрү «Кыл» (1962) аттуу ырлар жыйнагында чагылдырылган. Ал модернисттик мүнөз менен салттуу классиканы таӊ каларлыктай айкалыштыра билет. А. С. Пушкин, Б. Л. Пастернак ж. б. көрүнүктүү орус акындарынын таасири Ахмадулина чыгармачылыгына символ катары кирген. «Музыка сабагы» (1969), «Ырлар» (1975), «Шам», «Бороон» (1977), «Жашырын сыр» (1983), «Бак» (1987), «Эссе» (2000) ж. б. ыр жыйнактары бар. Ахмадулина проза чыгармаларынын («Иттер жана ит», 1979; «Кокустук», 2000) да автору. Ал грузин акындарынын (Н. Бараташвили, Г. Табидзе, С. Чиковани ж. б.) ырларын орус тилине которгон. СССРдин (1989), РФтин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2005).
Ж. Медералиева.