АВЛАКОГЕН
Jump to navigation
Jump to search
АВЛАКОГЕН (гр. aulax - бороз, жөөк, genos туулуш, пайда болуу) - платформалардагы дайыма козголуп туруучу жер кыртышынын созулуп жаткан тектон. тилкеси. Термин 1960-ж. Н. С. Шатский тарабынан сунушталган. А-дин жөнөкөй түрлөрү алыска созулун жаткан тектон. жаракалар менен чектелип, уз. 100-1000 кмге жеткен, туурасы кууш (10-100 км) келип, терең (5-10 кмге чейин) ойдуңдардан турат. А. көбүнчө платформанын чегинде жайгашат, кээде аны кесип өтүп, жанаша жаткан геосинклиналга кошулат. Татаал А-дер бир нече ойдуң менен жалчалардан турат. А-дерде кээде базальт тектери жолугат жана көпчүлүк учурда таштуз аралашкан чөкмөлөрдүн калың катмарлары пайда болот.