АБШЫР-САЙ (жер)

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:18, 19 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБШЫР-САЙ – Ош обл-нун Ноокат р-нундагы табигый кооз жер. Райондун борбору Эски-Ноокаттан 25–26 км аралыкта. Абшыр-Сай суусу Кичи Алай кырка тоосунун түн. капталынан агып түшүп, адырларга өтөөрдө акиташ тектеринен түзүлгөн аскаларды кесип агып, тар жана терең капчыгайды пайда кылат. Капчыгайдын таманынын жазылыгы 20 мдей, уз. 2 км, салыштырма бийикт. 600–800 м, абс. бийикт. 1800–1900 м. Өрөөндүн таманынан 30–35 м бийиктикте, капчыгайдын оң капталындагы диаметри 2 м келген чуңкурдан булак атырылып чыгып (чыгымы 0,3 м3/секга, жакын), эки баскычтуу шаркыратманы пайда кылат. Биринчи баскычтын бийикт. 15 мден ашык, экинчиси 11–12 м. Өрөөндөгү сууга салыштырганда шаркыратманын суусу тунук, муздак, кальций, магнийге бай. Суу жер астындагы карсттык көлмөнүн бир четиндеги жарака менен жыл бою бир калыпта сыртка чыгат. А.-С. шаркыратмасыньш тегереги өзгөчө кооз, суу жээктей бадалдар өсөт; алардын арасына тал-терек, мөмө дарактары тигилген. Шаркыратманы даана көрүш үчүн капчыгайдын эки капталына бетон тепкичтер жана тектирчелер курулган.