АБЕРДИН-АНГУС УЮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:24, 19 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБЕРДИН - АНГУС УЮ - ири мүйүздүү малдын эт багытындагы породасы. Шотландиянын катаал климаттуу тоолуу р-нундагы Абердин графтыгынын кара токол уюн жана Ангус графтыгынын күрөн уюн аргындаштыруудан алынган. Эти өтө даамдуу, чыктуу, тез жетилет, абдан тукумчул, тукум куугучутугу туруктуу жана чөйрөгө жакшы ынгайланышына жараша бул порода дүйнөдө таралышы б-ча экинчи орунда. Ал Түн. жана Түш. Америка, Океания, Европада багылат. КМШ өлкөлөрүнө 1932-ж. Англиядан алынып келинген. Калмак уюу, о.эле сүт, эт-сүт багытындагы уйлар менен аргындаштырууда пайдаланылган. Уй токол, кара (кээде кызыл-күрөң) түстө. Букасынын бийиктиги өркөчүнөн 125-130 см, уйу 120-125 см. Букасынын тирүүлөй салмагы 750-800 кг, уйу 500-550 кг. Жаңы туулган музоосунун салмагы 28-30 кг. Бордолгон 14-15 айлык торпогунун тирүүлөй салмагы 400-450 кг, союлганда 58-60% эт алынат. АКШда А.-а. у-нун бою бийик тиби чыгарылгын. Анын өркөчүнөн бийиктиги 145-147 см, тирүүлөй салмагы 1000 кгга жетет. КМШ өлкөрүндө асыл тукум чарбаларында малды агындаштырууда пайдаланылат.