АБДУЛЛА Хафиз
Jump to navigation
Jump to search
АБДУЛЛА ХАФИЗ (чыныгы аты-жөнү – Файзуллаев Абдулла; 1869–1944) – артист, Кыргыз ССРинин эл артисти (1940), Өзбек ССРинин эл ырчысы (1943). Намангандагы шайырлар ийриминде, Чыгыш труппасында, Оштогу музыкалык драма театрында, согуш жылдарында Ташкент обл-нун Янги-Юл шаардык музыкалык драма жана комедия театрында эмгектенген. «Көчө багы», «Ош шагы», «Эшпай», «Абдурахман Беги», «Баят», «Календер» ж. б. ырларды аткарган. Абдулла-Хафиз аткарган мукамдуу ырлары Кыргыз радиосунун фондуна жазылып алынган.