АБАЙ КУНАНБАЕВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
22:45, 18 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) (Mariya moved page АБАЙ to АБАЙ КУНАНБАЕВ) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБАЙ (Ибрагим) Кунанбаев [29.7 (10.8). 1845, азыркы Чыгыш Казакстан обл., Абай р-ну, Караул айылы - 23. 6 (6.7). 1904, ошол эле жерде] казактын жазма адабиятына негиз салган улуу акын, ойчул, композитор. Атасы Кунанбай түпкүлүктүү бий тукумунан чыгып, өзү да дубанга аким болуп шайланган. Айылдык молдого окуткан балдарынын ичинен А-дын сергек чыкканын көрүп, аны Семей шаарындагы медресеге жиберет, анда 4 жылдай таалим алып, иран, араб, түрк классиктери жараткан чыгармалар менен таанышып, аларга таасирленип ыр жаза баштаган. Анын алгачкы ырларында казак оозеки поэзиясынын жана чыгыш акындарынын салттары айкын байкалат. А. Кунанбаев медреседен орус тилинде окуп, бир аз сүйлөп, китеп окуганга жарап калган эле. Бирок окуусун андан ары улай алган эмес, анткени аны атасы

АБАЙ9.png

Кунанбай айылга чакырып алып, эл башкаруу иштерине аралаштырат. Коомдук-саясий иштерге аралашуусу Абайдын социалдык уюштуруучулук тажрыйбасын арттырган. А. орус тилин дагы терең үйрөнүп, өз алдынча окуп, билимин уланткан. Анын эстетикалык табитинин, коомдук-саясий ж-a филос. көз караштарынын кальштанышына орус адабиятынын классиктери А. С. Пушкин, И. А. Крылов, М. Ю. Лермонтов, Л. Н. Толстой, М. Е. Салтыков-Щедрин, В. Г. Белинскийдин чыгармалары, байыркы грек философтору Аристотель менен Сократтын, чыгыш окумуштуулары Ибн-Сина, Беруни ж. б. эмгектери зор таасир тийгизген. А. Семей аймагында алдынкы саясий көз караштары үчүн сүргүнгө келген орус окумуштуулары Н. И. Долгополов ж-a Е. П. Михаэлис менен таанышып, алардан аздыр-көптүр саясий таалим алган. А-дын адабий мурасы бай ж-a ал негизинен үч бөлүктөн турат: өзүнүн поэтикалык чыгармалары; башка тилдерден, көбүнчө орусчадан которгондору; кара сөз менен жазылган санаттары. Ал өз ырларында ошол кездеги актуалдуу коомдук-саясий маселелерди, өмүр, заман, махабат тууралуу түбөлүктүү темаларды козгогон; казак коомундагы курч социалдык карама-каршылыктарды көрсөтүп, уруучулук араздашууларга, адилетсиздикке каршы чыгат; мекендештерин илим-билимге, орус маданиятын үйрөнүүгө чакырган. А. ырларын кагаз бетине 80-ж-дын ортосунан түшүрө баштаган. Акындын «Сап, сап көңүлүм», «Шарипке», «Абыралыга», «Жакшылыкка», «Кең жайлоо» аттуу ырлары 1870-80-жылдардын аралыгында жазылган. А-дын «Кансонарда» аттуу чыгармасы (1882) анын акындык кубатын тааныткан ири чыгарма болгон. Чыгармада казак адабиятында калыптанган лирикалык жанрдын өзгөчөлүктөрү көп кырдуу келип, метафоралар, үлгү сөздөр мол. Чыгыш ойчулу Абу Наср ал-Фарабинин философиясы А-дын дүйнө таанымын калыптандырып, аны өнүктүрүүдө зор роль ойногон. А. адам проблемасын өтө бийиктен карап, анын рухий, коомдук, күндөлүк, этикалык, эстетикалык проблемалары б-ча ой толгогон. А-дын филос., көркөмдүк, гуманисттик ж-a диний көз караштары терең сезилген эмгеги, анын - «Кара сөздөрү». Жалпы саны 46 түрдүү чыгармадан турган, мазмуну жагынан ар башка багытта жазылган эмгегиндеги гуманисттик агартуучулук ойлору дин тууралуу пикирлери менен биригип, казак элинин филос. концепциясын түзөт. Анын «Кара сөздөрүнүн» айрымдары алгач 1918-ж. Семейде чыккан «Абай» журналында жарык көргөн. Алар көптөгөн чет тилдерге которулган. А. музыка өнөрүндө мол мурас калтырып, казак музыкасын байытты. Ал таланттуу музыкант, обончу да болгон. Кээ бир ырларына өзү обон чыгарган. Биздин заманга анын 40ка жакын обону жетти. Азыркы учурда 27 ыры нотага түшүрүлгөн. Комп. А. Жубанов менен JI. Хамиди А. ырларын операга пайдаланса, Е. Брусиловскийдин «Жалгыз кайың», А. Жубановдун «Абай» аттуу симф. поэмалары, аспаптык чыгармалар, ыр-романстар А-дын ыр-обондорунун негизинде жазылган. Казактын классик жазуучусу М. Ауэзовдун «Абай жолу» романы улуу акынга арналган. Бул эпопея дүйнө элдеринин 116 тилине которулган. «Абай» энциклопедиясы анын 150 жылдык мааракесине карата чыгармачылык жолуна арналып, туулган күнүнө 100 миң нуска менен чыгарылган. 1631 макала камтылып, көлөмү 120 автордук басма табактан турган бул эбегейсиз зор эмгекте улуу акындын алгачкы чыгармалары менен кара сөздөрүнө ж-a филос., психол., пед., этикалык, эстетикалык, экон. дүйнө таанымына кеңири орун берилген. Ал И. А. Крыловдун тамсилдерин, А. С. Пушкиндин ырларын ж-a «Евгений Онегин» романынын айрым главаларын, М. Ю. Лepмонтовдун бир катар поэтикалык чыгармаларын казак тилине которгон. Абайтаануу - казак адабият таануу илиминин бир тармагы. Абайтаануу кеменгер акындын өнөрүн, филос., коомдук, эстетикалык көз карашын, казак поэзиясындагы ыр санаттарын, муз. мурастарын, кол жазмаларын, адабий-рухий дөөлөттөрүн улам терең изилдеп келүүдө. «Абай» операсы алгач 1944-ж. анын туулган күнүнүн 100 жылдыгына ж-a Казак акад. опера ж-a балет театрынын 10 жылдык юбилейине арналып коюлган. Либреттосун М. Ауэзов, музыкасын А. Жубанов менен Л. Хамиди жазып, режиссёру К. Жандарбеков болгон. «Абай ыры» көркөм фильми 1945-ж. Алматы көркөм ж-a хроникалык фильмдер студиясында чыгарылган. А-дын ролун К. Куанышбаев ойногон. Кыргыз адабиятынын алгачкы өнүгүү мезгилинде А. кыргыз акын-жазуучуларына байкаларлык таасир тийгизген. А-дын кыргыз жазуучусу Ч. Айтматовдун чыгармачылыгынын калыптануусуна кошкон салымы чоң. Абай атн. бир шаар (Караганда обл.), 2 район (Чыгыш Казакстан), 6 айыл бар. Семей, Каркаралы шаарларында, Жидебайда А-дын адабий-мемориалдык музейлери иштейт. Алматы ж. б. шаарларында театрларга, көчөлөргө аты берилген. Абай атн. чоку, ашуу бар. Бишкек ш-нын бир көчөсү да анын атында.
Чыг.: Менин элим. Ырлар, которгон А. Токомбаев. Ф., 1970; Шыгармаларының бир толык жийнагы. А., 1961. Ад.: Ауэзов М. О. Абай Кунанбаев. А., 1960.
А. Садыков.