«АК МӨӨР» поэмасы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:47, 18 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«АК МӨӨР» – поэма. Сүйүүнү тепсеген со­циалдык теңсиздикти айыптаган чыгарма. Поэма­нын бир нече варианты бар. Алгач 1923‑ж. Та­ластан Ө. Кудайбергеновдон жана С. Бокочиев­ден К. Мифтаков жазып алган. Экинчи вариан­тын да К. Мифтаков манасчы Ж. Кожековдун айтуусунда 1936‑ж. кагазга түшүргөн. Үчүнчү варианты 1940‑ж. А. Боронбаевден, А. Чороба­евден, төртүнчү вариант К. Акыевден жазылып алынган. 1957‑ж. А. Эшматов поэманын өз ал­дынчалыгы менен айтылган вариантын түзгөн.
1958-ж. Ош обл‑нын Ала‑Бука районунда жашаган Б. Жолдошевден А. Токомбаева дагы бир ва­риантын жазып келген. 1965‑ж. Кетмен‑Төбөдөн С. Дыйканбаевден дагы бир вариант жазылып алынган. Поэманын башатында «Болоттун ыры», «Болоттун арманы», «Мөөрдүн арманы» деген өз‑өзүнчө тарыхый ыр дастандары тү­зүлгөн. Бара‑бара алардын тегерегинде окуя улам кеңейип отуруп, поэмалык деңгээлге көтө­рүлгөн. Анын негизги каармандары Жантай хан, Ак Мөөр, Болот тарыхта болгон инсандар, 19‑кылымда жашаган реалдуу адамдар. Поэманын окуясы да таза автордук же айтуучулук кыял­дануудан жаралган эмес, анын мазмундук өзө­гүндө чындык окуя жатат. К. Акыев түзгөн ва­риант кескин айырмалуу, ал «Ак Мөөрдү» то­лук түрдө эпикалык формага түшүргөн. Кийин С. Эралиев (1959), А. Токтомушев (1971) «Ак Мөөр» поэмасын жаратышкан. А. Осмоновдун «Ак Мөөр» драмасы республикалык элдик театрларда ко­юлган. «Ак Мөөр» фильми (реж. М. Убукеев, 1968) тартылган.