«АЖАЛ ОРДУНА» драмасы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:00, 18 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«АЖАЛ ОРДУНА» – кыргыз музыкалык драмасы. Драманын автору – Ж. Турусбеков (1934). А. Малдыбаев, Д. Ковалёв, П. Шубин драманын музыкасынын алгачкы вариантын 1934‑ж., ал эми соңку музыкалык редакциясын В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере жазган. 1938‑ж. сах­нага коюлган. Ре­жиссёрлору‑А. Кут­тубаев, В. Я. Васильев, дирижёру-В. Целиковский, сү­рөтчүсү – Я. Штоф­фер болушкан. Баш каармандардын об­раздарын түзгөн туңгуч аткаруучулар: А. Куттубаева (Зулайка), А. Боталиев (Искендер), А. Малдыбаев (Бектур).

«Ажал ордуна» муз. драмасы. Искендер ­К. Чодронов (1957).

Тарыхый музыкалык дра­мада кыргыз элинин 1916‑жылдагы көтөрүлүшү сүрөттөлгөн. Элдик мотивдер менен профессио­налдык музыканы чебер айкалыштыруунун натыйжасында «Ажал ордуна» музыкалык драмасы улуттук искусствонун жаңы баскычына көтөрүлгөн.