БЕЙСЕБАЕВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:10, 16 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БЕЙСЕБАЕВ Рахат Сансызбаевич (3. 1. 1975-ж.т., азыркы Бишкек ш.) – тарыхчы, тарых илимд. доктору (2020). БГУну (2001), Россия Илимдер академиясынын Чыгыш таануу ин-тутунун Санкт-Петербургдагы филиалынын аспирантурасын (2008) бүткөн. 2001–02-ж. Москва р-дук мамл. администрациясында бөлүмдүн жетектөөчү адиси, 2009–16-ж. КРСУда кафедранын доценти, 2011–18-ж. К. Карасаев атн. БГУнун Славян таануу ф-тетинде Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) эл аралык тармактар ун-тетинин эл аралык жалпы билим берүү программалары бөлүмүнүн башчысы, 2011–13-ж. Вестминстер ун-тетинин Эл аралык мамилелер ф-тетинде (Лондон, Улуу Британия) ил. стажёр, 2013–17-ж. К. Карасаев атн. БГУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер ф-тетинин эл аралык мамилелер кафедрасынын башчысы, 2017–20-ж. К. Карасаев атн. БГУда Кыргыз-кытай ф-тетинин деканы, 2020-жылдан эл аралык мамилелер кафедрасынын профессору. Эл аралык менеджмент ин-тунда стажёр (Дели, Индия) (2014), «Ednet» билим берүү тармагында сапатын камсыздоо агенттигинин аккредитациялоо б-ча эксперти (2014), КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин аккредитация жана лицензиялоо б-ча эксперти (2018). BILIM-STANDARD көз карандысыз аккредитациялоо агенттигинин эксперти (2019).