БАЖАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:48, 16 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАЖАН Микола (Николай Платонович) [26.9 (9.10). 1904, Каменец-Подольск ш. ‒ 23. 11. 1983, Киев] ‒ украин акыны. Соц. Эмг. Баатыры (1974), УССР ИАсынын академиги (1951). Киев ин-тунда (1923‒25) окуган. 1943‒48-ж. УССР Министрлер Советинин Председателинин орун басары. Чыг-лык иши 1923-жылдан башталган. 1926-ж. граждандык согуш темасында жазылган «17-патруль» аттуу биринчи китеби чыккан. «Гофмандын түнү», «Гетто Уманда» (1926), «Сокурлар» (1933) аттуу поэмалары бар. «Өчпөс өмүр» (1937) поэмасында С. М. Кировдун образын түзгөн. «Аталар жана балдар» (1938) деген ырлар жыйнагында адамдардын эмгектеги жана Мекенди коргоодогу эрдигин даӊазалаган. Улуу Ата Мекендик согуш күндөрүндө жазган «Ант» (1941) деген ыры украин элинин гимнине айланган. «Даниил Галицкий» аттуу тарыхый поэмасынын, тынчтык үчүн күрөшкө чакырган «Англиялык таасирлер» (1949), «Үмүт жөнүндө төрт аӊгеме» (1967), «Дебора» (1968) китептеринин автору. СССР Жогорку Советинин 4-шайл. депутаты. СССР мамл. сыйл. лауреаты (1946, 1949). Ленин, Кызыл Туу, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.