АЭРОГРАФ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:25, 15 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЭРОГРАФ, (аэро ... жана ... граф) ‒ кездеменин, кагаздын ж. б-лардын бетине кысылган абанын жардамы менен жука катмар кылып боёкту чачыратуучу прибор. Ар кандай өлчөмдөгү жана конструкциядагы А. кездемеге түр түшүрүүдө, театр жасалгаларын жана дубалга тагылуучу чоӊ форматтуу плакат даярдоодо, сүрөт негативдерин, чыккан сүрөттөрдү боёо менен оӊдоо, түзөтүүдө (ретушь жасоодо) колдонулат.