АЧУУ ЖУМУШТАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:56, 15 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЧУУ ЖУМУШТАРЫ‒ кендерди жер бетинен ачык казып алууда пайдалуу катмарлардын үстүндөгү тектерди алып таштоо. Кендин үстүндөгү тоотектер катуу болгондо, А. ж. жардыруу аркылуу тектерди талкалап, аларды экскаватор менен трансп. вагондорго жүктөө, ташуудан турат. Тоотектери жумшак болсо, алар массивден экскватор менен казылып, талкалоо жана жүктөө жумуштары чогуу аткарылат. Катмарлуу кенташ (руда) горизонталь б-ча жана бир аз жантык жайланышканда, үстүндөгү тектердин калыӊдыгы 35 мден ашпаса пайдасыз тоотектер карьердин бош орундарына экскватор менен оодарылып төгүлөт да, бардык процесстерди бир гана механизм аткарат. А. ж. тектерди оодарып төгүүгө карата ‒ туурасынан, узатасынан жана аралаш иштетүүлөр болуп бөлүнөт. Өркүндөтүлгөн жана механикалаштырылган ири жабдууларды колдонуу А. ж-нын наркын төмөндөтүп, пайдалуу казылмалардын үнөмдүү иштелишин камсыз кылат.