АЧЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:47, 13 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЧЫ ‒ Ош обл-нун Араван р-ндагы кыштак. Алля Анаров айыл аймагына караштуу. Ош ‒ Араван автомобиль жолунун боюнда, Кыз-Коргон жана Чил-Устун тоолорунун аралыгында, деӊиз деӊг. 770 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Араван кыш-нан 7 км чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 22 км. 1929-ж. негизделген. Калкы 1583 (2009); негизинен пахтачылыкта эмгектенет. Орто мектеп, ФАП бар. Кыштакта Соц. Эмг. Баатырлары Айтбай Анаров, Алля Анаров жана П. Т. Слюсаренко туулган.