АМИРАБАД МАДАНИЯТЫ
16:40, 12 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
АМИРАБАД МАДАНИЯТЫ – байыркы Хорезм чөлкөмүндөгү соңку коло дооруна (б. з. ч. 9–7-к.) таандык археол. мад-т. 1937–40-ж. Кара-Калпакстан Респ-нын Амирабад каналынын аймагында эски турак жайларды казуу убагында табылган буюмдардын негизинде аны изилдеген археолог С. П. Толстов А. мад-ты деп өзүнчө бөлгөн. А. мад-тынын калкы уруучулук коомдо жашап, сугат дыйканчылыгы, мал чарбасы менен кесип кылган А. мад-тына түбү жалпак, капталы көтөрүңкү, жылмаланган карала идиштер, ортосунда чоң коломтосу бар жер үйлөр да мүнөздүү. Якке-Парсан 2 турак жайынан жалбырак формасында колодон жасалган жебенин учтары жана аны куя турган калып табылган.