АМИ БИ –

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:44, 12 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМИ БИ – кытай булактарында эскерилген кыргыз өкүмдарларынын (министр) бири. Айрым кытай булактарында А. б. «Ами бэй» түрүндө да берилет (кээ бир илимпоздор ысымдын экинчи муунундагы «би» сөзү «бий» маанисин туюнтат деген пикирде). Кытай булактарында - Кыргыз мамлекетинде улуу кол башчы Циси би (Гйеси бэй), мансап даражасы жагынан кийинкиси Цзюйшабо би (Гюйшабобэй), андан аркысы А. б. алар өлкөнү чогуу башкарышат, – деп айтылат. А. б. жана анын бийлик өнөктөштөрүнүн Кыргыз мамлекетин кайсы мезгилде башкарышкандыгы тууралуу маалымат жок. Анткен менен кытай булактарынын даректи баяндоо мезгилине карап, бул үч адамдын бийлик жүргүзгөн учуру 7-к-дын орто чени – деп божомолдоого болот.
М. Кожобеков.