АТМОСФЕРА ЦИРКУЛЯЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:46, 9 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТМОСФЕРА ЦИРКУЛЯЦИЯСЫ‒ атм-дагы аба массаларынын алмашуусун пайда кылуучу негизги агымдардын которулуп жылып жүрүшү. Ал Жерге күн радиациясынын түрдүү кубатта келишине, Жердин өз огунда айланышына, жер бетинин бир өӊчөй болбогондугуна ж. б-га байланыштуу. А. ц. ж а л п ы (пассат, муссон, циклон жана антициклон системасындагы агымдар) жана ж е р г и л и к т ү ү (керимсел, желаргы ж. б.) болуп экиге бөлүнөт. Атм-нын жалпы циркуляция процесси өтө татаал жана тынымсыз өзгөрүп турат, бирок анын жылдык мүнөзү сакталып, жер бетиндеги ири аймактарга мүнөздүү климаттык өзгөчөлүктөрдү түзөт. Атмосферанын жерг. циркуляциясы өз алдынча турган айрым аймактарда гана жүрүп, алардын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу болот, мис., Кырг-ндагы санташ, улан, керимсел жана өрөөндөр менен капчыгайларда болуучу шамалдар.