АТМОСФЕРА ТЕМПЕРАТУРАСЫНЫН ИНВЕРСИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:37, 9 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТМОСФЕРА ТЕМПЕРАТУРАСЫНЫН ИНВЕРСИЯСЫ‒ жер бетинен бийиктеген сайын атм-дагы аба темп-расынын жогорулашы. Инверсия көбүнчө атм-нын бир катмарынын экинчисине өткөндөгү чек арада байкалат. Анын калыӊдыгы 10‒1000 мге жетет. Инверсия катмарында темп-ранын көтөрүлүшү 15‒20°Сге жетип, кээде андан да ашат. Абанын түн ичинде муздашынан улам радиациялык инверция келип чыгат. А-нын жогорку катмарында аба массасынын которулушунан кысылган инверсия байкалат.