АРЧАЛЫ суусу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:31, 8 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРЧАЛЫ – Ички Теңир-Тоодогу суу, Кичи Нарын суусунун сол куймасы. Нарын р-нунун аймагында. Уз. 47 км, алабынын аянты 376 км2. Жетим кырка тоосунун түн. капталындагы аты окшош мөңгүдөн агып чыгып, кууш капчыгай аркылуу шар агат. 15тен ашык куймасы бар. Ирилери: Төлөк, Күрмөнтү, Кызыл-Киндик, Шор-Төр, Эгиз-Төр, Кара-Төр (сол), Борду, Туюк, Кызыл-Суу, Өрттөнгөн-Төр, Тоюн (оң). Алабында жалпы аянты 57,2 км2 келген 56 мөңгү бар. Жылдык орт. чыгымы 4,1 м3/сек, Май-июнда кирип, сентябрда тартыла баштайт.