АРПА ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:01, 8 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРПА ӨРӨӨНҮ– Ички Теңир-Тоонун түш.-батышындагы бийик тоо өрөөнү, жайлоо. Түш.батышынан Фергана, түштүгүнөн Торугарт кырка тоолору, чыгышынан Ат-Башы кырка тоосунун батыш тумшугу, түн.-чыгышынан Орток -Тoo жана түндүгүнөн Жаман-Тоо менен чектешет. Уз. 60 км, эң жазы жери 32 км. Өрөөн түн.-батышты карай 3 бурчтук сымал созулуп, чыгыштан батышты көздөй эңкейиштеп жатат. Таманы деңиз деңг. 2600–3600 м бийиктикте. Apna суусу өрөөндү 2 бөлүккө (жантайыңкы жазы сол жана тигирээк ичке оң жээкке) бөлөт. А. ө. – грабень-синклиналдык ойдуң. Таманы шиленди жана үбөлөндү тектердин калың катмарына толгон. Климаты катаал: жылдык орт. темп-расы –5,4°С, январдыкы –23°С, июлдуку 9,3°С. Жылдык жаан-чачыны 250–280 мм. А. ө-нө шалбаалуу жана бадалдуу талаа (3000 мге чейин), күнгөйүнө субальп жарым чөлү жана кургак талаасы (3500 мге чейин), альп талаасы, тескейине субальп талаасы жана шалбаалуу талаасы, субнивалдык (3800 мге чейин), андан жогору гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. А. ө. – Кырг-ндагы ири жайыттардын бири. Мында негизинен Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын р-ндорунун малы жайылат. Өрөөндүн чыгыш бөлүгү аркылуу Бишкек – Торугарт автомобиль жолу өтөт.