АРАШАН СУУЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:32, 8 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАШАН СУУЛАРЫ-- (монголчо аршан – булак) – жер астынан чыккан жылуу суулар. Суунун темп-расы 37–42° болсо – термалдуу, 20- 27° – субтермалдуу, 42°тан жогоркусу гипертермалдуу А. с. деп аталат. А. с. негизинен жер астындагы суудан пайда болот. Суу жер кыртышынын тереңиндеги жогорку темп-рада турган тоо тектердин арасынан сарыгып өткөн кезде ысып, тектон. жаракалар аркылуу жер үстүнө чыгат. А. с. көбүнчө жанар тоолуу жерлерде, артезиан суулары жайгашкан жана тектон. кыймылдар болуп турган аймактарда кезигет. Жанар тоолуу аймактарда ысыган тоо тектер жер бетине жакын жайгашкандыктан, андагы суу өтө ысып, сыртка буу же кайнар булактар (гейзерлер) түрүндө чыгат. А. с. аз минералдашкандыгы жана өтө жегичтиги менен айырмаланат. Кырг-нда Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Ата, Жалал-Абад, Жыргалаң курортторунда жана Чоң Кызыл-Суу, Жуукучак, Тоң, Кара-Кече, Үгүт, Гүлчө, Зардалы ж. б. жерлерде бар. А. с. саламаттыкты чыңоо жана ооруларды дарылоо максатында, электр энергиясын алууда, геотермэлектростанцияларын курууда (Калифорния, Италия, КМШ өлкөлөрүндө), турак үйлөр менен теплицаларды жылытууда жана сугат ишинде (Исландия) кеңири пайдаланылат.