АТРИБУТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:40, 7 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТРИБУТ а р х и т е к т у р а д а (лат. attributum – бир нерсеге таандык касиет) – көркөм искусство тарыхында – көркөм чыгарманын тигил же бул кейипкерине таандык айырмалоо белгиси жана ушул гана нерсеге таандык, аны менен байланыштуу буюм, касиет, кыймыл. Атрибут мифологиялык жана диний темаларда жазылган чыгармаларда көбүрөөк кездешет (мис., Нептун дайыма үч тиштүү найза менен, Ыйык Цецилия орган менен сүрөттөлөт). Мындай чыгармалардын сюжетин аныктоодо атрибут көп учурда негизги каражаттардын бири болгон.