АХИЧЧХАТРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:09, 7 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АХИЧЧХАТРА– Панчала (тагыраагы Түн. Панчаладагы эл.”Махабхарата” эпикалык поэмасында баатыр катары көп эскерилет) мамлекетинин борбору. Индиядагы байыркы шаар. Сөзмө-сөз которгондогу мааниси жакалуу жылан дегенди түшүндүрөт. Негизинен панчалалыктардын арасында жылан ж-дө таралган уламышка байланыштуу. Кытай кечили Сюань Цзян 7-к-да А-га барып Ашоко падышанын көлдүн жээгине курган тектири ж-дө эскерет. Бул тектирчеде Будда 7 күн бою жылан ж-дө акыл-насаат айткан. А-нын айланасындагы заманбап Рамнагара аймагында жүргүзүлгөн казуудан кийин (Делиден чыгышта) бул шаар б. з. ч. 2–3-к-да гүлдөгөн аймак болгондугун айгинелейт. А-дан 1 миң жылдыкка таандык табылган искусство эстеликтери буддизм (вишнуизм) жана индуизм (шиваизм) менен байланыштуу.