АФФРИКАТА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:47, 7 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АФФРИКАТА (лат. affricо ‒ сүргүлөйм) ‒ жарылма жана фрикативдүү (жылчыкчыл) элементтерден турган үнсүз тыбыш. Кыргыз тилинде ага ж, ч тыбыштары кирет. Булардын айтылышында тыбыштык активдүү орган пассивдүү тыбыш органына кептелишип, ага жакындашып жылчыкты пайда кылат, бирок андан тез эле тилдин ортонку бөлүгү катуу таӊдайга, капталдары каптал тиш менен анын бүйлөлөрүнө кептелип, абанын агымы аны жарып чыгат. Ошентип, бул эки тыбыш А. (татаал тыбыштар) тобун түзөт.