АУТОГЕН МИНЕРАЛДАРЫ
Jump to navigation
Jump to search
АУТОГЕН МИНЕРАЛДАРЫ (гр. autigenes ‒ пайда болушу жергиликтүү) ‒ седиментация процессинен же чөгүндүлөрдүн алгачкы тунган жеринде калган кийинки өзгөрүүлөрүнөн пайда болгон чөкмө тоо тек минералдары. Аларга ар түрдүү карбонаттар, чополуу жана кенташ (руда) минералдары, эрүүчү туздар, кварц, барит, целестин, талаа шпаты ж. б. кирет. Чөкмө тоо тектердин пайда болуу шарттарын жана алардын кандай өзгөрүү процесстерине учураганын изилдөөдө А.минералдарынын мааниси чоӊ.