АУКЦИОН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:58, 7 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АУКЦИОН (лат. auctio ‒ көбөйүү; тоорук) ‒ товарды сатып алуучуларга конкурстук негизде, жарыя соодалоо түрүндө белгиленген жерде жана белгиленген убакытта алдын ала көрүү укугу менен сатуу ыгы. Товар А-до жалгыз үлгүдө же лоттору менен сатылат. Аукциончу (аукционду өткөрүүчү) потенциалдуу сатып алуучуларга (акционерлерге) кезегинде товардын номерин жана анын старттык баасын жарыялайт. Соода процессинде баа акырындап өсөт жана максималдуу бааны сунуш кылган сатып алуучу жеӊүүчү деп табылат. Соодалоонун түрлөрү көп. Мис., англ. А-до сатылган товардын сапаты үчүн жоопкерчилик болбойт; голл. А-до соода эӊ жогорку баадан башталат да, улам төмөндөтүлөт; мажбурлоочу А. сот же бийлик органдары тарабынан карызын төлөтүү, конфискацияланган же ээси жок мүлктү өткөрүү максатында сатылат; бажы А-до бажы органдары тарабынан конфискацияланган товарлар сатылат; эл аралык А. мезгили менен атайын фирмалар тарабынан тери, жүн, тамеки, чай, татымалдарды сатуу үчүн ири соода борборлорунда уюштурулат. Кырг-нда А. менчиктештирилүүчү мамл. же муниципалдык мүлктү сатуу үчүн, анын ичинде менчиктештирүү процессинде түзүлгөн ачык акционердик коомдордун акцияларын сатуу үчүн да өткөрүлөт. Азыркы электрондук соодалоо системасы элдер ортосунда товар сатууну жүргүзүүчү интернет-аукциондорду өткөрөт.