АТТЕСТАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:33, 7 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТТЕСТАЦИЯ (лат. attestatio ‒ күбөлүк) ‒ кызматкердин профессионалдык деӊгээлин жана ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугун баалоо. Атайын комиссия тарабынан жүргүзүлөт. А. кадрларды туура жайгаштыруу, мамл. кызматкерди квалификациялоо үчүн керек. Продукциянын сапатын, окуучунун билим деӊгээлин аныктоо да А. деп аталат.