АТМОСФЕРАДАГЫ КОНВЕКЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:41, 7 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТМОСФЕРАДАГЫ КОНВЕКЦИЯ‒ аба көлөмүнүн бийиктик б-ча өйдө-төмөн алмашуусу. Ал атм-дагы темп-ранын айырмасына байланыштуу болуп, жылуу абанын тыгыздыгы айлана-чөйрөсүнө караганда төмөн, болгондуктан, ал эми жогору карай, муздак абаныкы жогору болгондуктан, төмөн карай умтулуу мыйзамы менен түшүндүрүлөт. Абанын алмашуусу көбүнчө тропосферанын төмөнкү жана жогорку катмарларынын ортосунда пайда болот. А. к. жүрүп турган кезде, аба агымынын жер бетинен көтөрүлүүсү байкалат. Андагы абанын көтөрүлүү ылдамдыгы 20 м/сек, кээде андан жогору. Мындай жерлерде чагылгандуу булуттар пайда болуп, нөшөрлүү жамгыр жаайт.