АТМОСФЕРА ФИЗИКАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:01, 7 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТМОСФЕРА ФИЗИКАСЫ‒ атмосферада болуучу физ. кубулуштар менен процесстерди изилдөөчү илим. Ал атм-да жылуулуктун таралышын, абанын ысышын же муздашын, агымын, буулануу жана конденсациялануу процесстерин, жаан-чачындын пайда болушун, атм-дагы оптикалык, электрдик, акустикалык ж. б. кубулуштардын себептерин, алардын өз ара байланыштарын физ. же анализдик жолдор менен аныктайт. А. ф. метеорологиянын көп тармактары менен тыгыз байланышкан, к. Метеорология .
Ад.: Хргиан А. Х., Физика атмосферы. Л., 1969.