АТМОСФЕРА ОПТИКАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:57, 7 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТМОСФЕРА ОПТИКАСЫатмосфера физикасынын жарык нурларынын абада чачырашынан, сиӊирилишинен, сынышынан, чачылышынан жана дифракциясынан пайда болгон оптикалык кубулуштарды изилдөөчү бөлүгү. Адамдын көрүү сезими аркылуу кабыл алынуучу абадагы көрүнүш атм-дагы оптикалык кубулуштар деп аталат. Аларга асмандын жарык болушу жана анын шоолалары, таӊдын атышы, күүгүмдүн кириши, жылдыздардын жымыӊдашы, мираж, мунарык , гало, көк желе, уюлдук жаркыроо ж. б. кирет. Атм-дагы нур энергиясынын негизги булагы ‒ Күн (к. Актинометрия ). Жарык нурлары жеке гана күндөн келбестен, ал жылдыздардан, жер бетинен, атмененын жогорку кабаттарынан бөлүнүп чыгат (мис. түнкү асман жарыгы, уюлдук жаркыроо ж. б.). Бул кубулуштарды аэрономия изилдейт. Абада ар дайым аэрозоль күкүмчөлөрү (чаӊ, суу тамчылары, муз кристаллдары ж. б.) болот. Мындай кошундулар асмандын тунуктугун начарлантат. Сиӊген нур атмененын жылуулук режимине таасир тийгизет. Абадагы суу тамчыларынын өлчөмү темп-ра менен нымдуулукка жараша болгондуктан, асмандын өӊү да аларга байланыш туу. Күндүн нуру жерге же океандын бетине түшкөндө, бир бөлүгү сиӊип, калганы чагылат. Кыртыштын темп-расы сиӊген нурдан пайда болот. Жер бетинен чагылган нур кайра атм-га өтүп, аба ырайына таасир тийгизгендиктен, климат өзгөрүп турат. Жарыктын жаан тамчыларынан чагылышы, сынышы жана дифракциясы к ө к ж е л е түрүндө көрүнөт.