АЛЬФА-БӨЛҮКЧӨ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:13, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЬФА-БӨЛҮКЧӨ– кээ бир радиоактивдүү ядролор (нуклиддер) чыгарган эки протондон жана эки нейтрондон турган гелий атомунун ядросу. А.-б-нүн массасы ma=4,00273 м.а.б =6,644' 10-27 кг'', спин жана магнит моменти нөлгө барабар. Байланыш энергиясы 28,11 МэВ. Табигый радиоактивдүүлүктөн жана ядролук реакциядан бөлүнүп чыккан А.-б-нүн энергиясы 4- 9 МэВ, ал эми заряд ылдамдаткычта ондогон МэВко жетет. Зат аркылуу өткөн учурда А.б-нүн энергиясы заттын атомдорун иондоштуруусуна, дүүлүктүрүүгө жана молекуласынын диссоциациясына сарп кылынып, анын кыймылы акырындайт. А.-б-нүн абадагы жашоо жолунун уз.t-3-7 см, ал эми тыгыз заттарда Z-10-з см (айнекте Z=0,004). А.-б. түрдүү ядролук реакция жүргүзүүдө, нейтрон жана кээ бир радиоактивдүү изотопторду алууда пайдаланылат.