АТЛАХ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:12, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТЛАХ--Талас өрөөнүндөгү орто кылымга таандык ири шаарлардын бири. Талас суусунун боюнда 6‒12-к-дагы Тараз ш-на (кийин Ауле-Ата, Жамбыл) жакын жайгашкан. Махмуд Кашгари да А-ты Тараз ш-нын жанындагы шаар экендигин белгилеп кеткен. Араб географы, тарыхчысы аль-Мукаддасинин жана аль-Истахринин (10-к.) эмгектериндеги маалыматтарга караганда, шаар тегерете чеп менен курчалып мечит, базарлары бар, жүзүмзарлуу жана бак-шактуу шаар болгон. Археолог А. Н. Бернштамдын пикири б-ча Жоон-Дөбө шаар калдыгы А. шаарынын орду болушу мүмкүн. А. ш. кытай аскерлери менен араб, карлук күчтөрүнүн ортосундагы 751-ж. салгылашуу болгон жер катары тарыхта белгилүү, к. Атлах салгылашуусу.

                                                                                                                        С. Өмүрзаков.