АТЛАНТРОП
Jump to navigation
Jump to search
АТЛАНТРОП (Атлас ‒ Африкадагы тоолуу өлкө жана гр. anthropos ‒ адам) ‒ Африканын түндүгүнөн табылган адам сөөгүнүн аталышы. 1954‒55-ж. Алжирден француз археологдору тарабынан ачылган. А-тун жаак сөөгү өтө чоӊ, ээк сөөгү жок, тиштери чоӊ, төбө сөөгү калыӊ болгон. Сөөктөр менен кошо шелль-ашель дооруна таандык таш куралдар да табылган. Анатомиялык түзүлүшү жагынан А. эӊ байыркы адамдарга ‒ архантропторго окшош, питекантроптордун Түн. Африкадагы түрүнүн өкүлү катарында эсептелет. А-тор болжол менен мындан 360 миӊ жыл мурда жашаган.