АЛИЕВ Чыныбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:57, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛИЕВ Чыныбек Тукешович (15. 1. 1961, Ысык-Көл обл., Тоӊ р-ну, Төрткүл айылы ‒ 5. 5. 2004, Бишкек) ‒ милициянын генерал-майору.

АЛИЕВ70.png

Бишкек финансы-экономика техникумун (1978), КМУнун юридика ф-тин (1991) бүткөн. 1978‒91-ж. Тоӊ райаткомунда текшерүүчү, экономист, Аламүдүн р-ндук ички иштер бөлүмүндө инспектор, улук оперуполномочен, кылмыш издөө бөлүмүнүн начальниги, 1991‒95-ж. ИИМдин Региондор аралык башкармалыгында улук оперуполномочен, 2-бөлүмдүн начальниги, экон. кылмышка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгында 3-бөлүмдүн начальниги, 1995‒2004-ж. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары, Кыргыз Респ-нын ИИМдин Кызматтык кылмыштар менен күрөшүү башкы башкармалыгынын начальниги болуп иштеген. Кыргыз Респ-нын ИИМинин Даӊк мемориалына ысмы жазылган. «Эрдик» ж. б. медалдар менен сыйланган.