АТКАРУУЧУ МЕХАНИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:40, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТКАРУУЧУ МЕХАНИЗМ‒ автоматтык жөндөө жана башкаруу системасынын түзүлмөсү; мында башкаруу объектисинин жөндөөчү органын мех. которууну (же бурууну) түздөн-түз ишке ашырат. Керектелүүчү энергиянын теги б-ча гидравликалык, пневматикалык, электрдик ж. б. болуп бөлүнөт. Ал кыймылдаткычтан, кыймыл өткөргүчтөн, кабар берүүчү, текшерүүчү жана ажыратуучу элементтерден турат. Электрдик кубаттуулугу 10‒1000 Втка жетет. Пневматикалык Ат. м. 6 кг/см2 , гидравликалы гы ‒ 30 кг/см2 ка чейинки басым менен иштейт.