АТЕЙ
Jump to navigation
Jump to search
АТЕЙ (т. ж. белгисиз ‒ б. з. ч. 339-ж.) ‒ Скиф падышалыгынын падышасы. Страбондун маалыматтары б-ча А. Дондон Дунайга чейинки аймактардагы варвар урууларын өзүнүн жеке бийлиги астында бириктирген. Боспор падышалыгы менен күрөш жүргүзгөн, Балкан ж. а-ндагы фракиялыктардын жарымын баш ийдирген. Өзүнүн тыйынын чектирген. А. башкарган жылдарда сарматтардын Меотидага (Азов д.) жер которуусу башталган. Филипп II Македонскийдин аскерлеринен жеӊилип, уламыш б-ча 90 жаш курагында курман болгон.