АТАНТАЙ ЖООМАРТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:18, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТАНТАЙ ЖООМАРТ, Х а т а м т а й ‒ көбүнчө чыгыш элдеринин фольклорунда кезиккен фольклордук каарман. Кыргыздарга «Миӊ бир түн» жомогу аркылуу өтүп, анын аты да, окуялары да эл арасында төл чыгарма катарында сиӊип кеткен деген пикирлер бар. Кандай болгондо да кыргыз эли бул каарманды өз көз карашына, түшүнүгүнө жараша жан дүйнөсүн, адамдык касиет-сапатын кайрадан жаратып, анын атын, кулк-мүнөзүн карапайым адамдардын турмушуна жакындаштырган. Натыйжада малга жарды, бирок пейили кенен, бей-бечарага, жетим-жесирге кайрымдуу, март, ак көӊүл А. Ж-тын образы кылымдар бою айкөлдүктүн, берешендиктин үлгүсү болгон.