АТАЛА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:44, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТАЛА‒ 1) акшак, ун, талкандан жасалган даам. Акшактан (адырадан) жасалса жарма А., ал эми ундан жасалганын жылма А., кант кошулганын кече А. деп аташат. А-ны мурда көбүнчө жардылар негизги тамак-аш катары колдонушкан; 2) арпа, буудай, сулунун адырасына чары, кебегин кошуп кайнатып даярдалган малдын бардык түрү, өзгөчө жаш төл жана бордолуп жаткан мал үчүн кубаттуу, жагымдуу тоют. Азыркы күндө да көп жерде кышкы төлгө, бордогу малга А. беришет.