АЛТЫН-ЖЫЛГА АЛТЫН КЕНИ
АЛТЫН-ЖЫЛГА АЛТЫН КЕНИ Баткен р-нунда. Сох суусунун оң жээгинде, Алтын-Жылга сайында, Кан кыш-нан 2,5 км аралыкта, деңиз деңг. 2000–2300 м бийиктикте. 1913-ж табылган. 1987–92-ж. издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы пермдин Алтын-Жылга массивинин гранодиорит, диорит жана монцонит-диориттери менен жирелген, девондун акиташ, доломит, алевролит, кумдук катмарларынан түзүлгөн. Кенташтануу (рудалануу) Алтын-Жылга массивинин монцонит-диориттеринин девондун акиташ жана доломит тектери менен болгон контактысындагы скарн тилкелери жана экзоконтактысындагы тик жантайган жаракалар менен байланышкан Кенташтануу алтын-скарндуу тарам тибине, алтын-сульфиддүү формациясына кирет. Негизги кенташ минералдары: халькопирит, борнит, арсенопирит, алтын, пирит ж. б.
Кенташтагы алтындын орт. өлчөмү 7,6 г/т. Кенташтын запасы 1138 миң т. Алтындын запасы 8,636 т.