АЛТАЙ ПОЛИМЕТАЛЛ КЕНДҮҮ АЙМАГЫ
АЛТАЙ ПОЛИМЕТАЛЛ КЕНДҮҮ АЙМАГЫ – полиметаллдын Россиядагы ири кендери жайгашкан аймак. Аймак Россия бөлүгүндөгү Алтай тоолорунун түш.-батыш ж-а түн.-батыш капталдарында, уз. 500 км, туурасы 50 км аянтты ээлейт. Аймак эки жагынан тектон. терең жаракалар менен чектелет. Анын аймагында негизинен палеозой заманында пайда болгон чөкмө жанар тоо тектери жана гранит интрузиялары жатат. Тоо тектер герцин бүктөлүүсүнөн өзгөрүүлөргө учурап, жаракаланган. Аймакта 800дөн ашык полиметалл кени бар. Алардын көпчүлүгү 18-к-дан тартып белгилүү. Ирилери: Зырян, Лениногорск, Змеиногорск, Березовка,Иртыш ж. б. Кендеги негизги металлдар: РЬ, Си, Zn, алардан башка кошумча иретинде Аи, Ag, Cd, Se, Те, As, Sb, Tn, Ga ж. б. 20дан ашык сейрек кездешүүчү элемент бөлүнүп алынат. Кенташтар гранит интрузиялары менен байланыштуу болуп, тектон. жаракаларга, интрузиянын чет жактарына, антиклиналдык түзүлүштөрдө топтолгон. Кендер герцин металлогения доорунда гидротерм жолу менен пайда болуп, негизинен тарамчалар, линзалар, уячалар түрүндө кезигет.