АРАЛ -- суу менен чулганган кургактык

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:20, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАЛ– кургактыктын төрт тарабы суу менен чулганган бөлүгү. Материктен чаканыраак бо­лот. Топтошуп жайгашкан аралдар архипе­лаг деп аталат (мис., Малайя, Канадалык Арктика архипелагдары ж. б.). Пайда болушу б-ча материктик (материктен бөлүнүп калган), жанар тоо ж-а коралл (шуру) а-дары болуп бөлүнөт. Дарыялар м-н көлдөрдө арал шилендилерден ж-а эрозиянын аракетинен пайда бо-

Таблица 1
Аралдын
аты
Аянты(миң км2) Жайгашкан орду
Гренландия 2176,0 Түндүк Муз жана Атлантика океаны
Жаңы Гвинея 829,0 Тынч океаны
Калимантан 734,0 Инди океаны
Мадагаскар 590,0 Инди океаны
Баффин Жери 476,0 Түндүк Муз океаны
Суматра 435,0 Инди океаны
Хонсю 230,4 Тынч океаны
Улуу Британия 230,0 Атлантика океаны
Виктория 213,8 Түндүк Муз океаны
Элсмир 203,0 Түндүк Муз океаны
Сулавеси 170,0 Инди океаны
Түштүк Жаңы Зеландия 150,0 Тынч океаны
Ява 126,0 Инди океаны
Түндүк Жаңы Зеландия 114,7 Тынч океаны
Ньюфаундленд 111,0 Атлантика океаны
Лусон 105,6 Тынч океаны
Куба 105,0 Атлантика океаны
Исландия 103,0 Атлантика океаны




лот. Дүйнөдөгү ири (аянты 400 миң км2ден ашкан) арал­дар: Гренландия, Жаңы Гвинея, Мадагаскар, Калимантан, Баффин Жери ж. б.