АСЫЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:55, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСЫЙ - 5-жылга караган бодо мал. Аны А. чыкма, жаӊы А. же бир А. деп атаган; 6-жылга караганы эки А. деп аталган. Малдын жашын тиши аркылуу аныктоого болот. Көбүнчө жылкыга карата айтылат. Жылкы А. болгондо ортоӊку кашка тиши түшүп, анын ордуна туруктуу кашка тиши чыгат. Жылкынын жашы улам жогорулаган сайын анын тишиндеги чуӊкурлар жоюлат да, 10‒12 А-да кашка тиштери 3 бурчтуу формага айланат.