ААРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:39, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

ААРЫ (Apoidea) – жаргак канаттуулар түркүмүнүн чоң тукуму. Денеси түктүү, уз. 15 ммден 5 смге чейин, көпчүлүгүнүкү 1-1,5 см. Анын ооз органдары кемирүүгө, узун тумшугу гүл ширесин жыйноого ылайыкталган. 30 миңге жакын түрү белгилүү, көпчүлүгү тропик ж-a субтропик өлкөлөрдө кеңири таралган. Алар уюкташып жашоочу, жалгыздан жашоочу ж-a бөлөк (көбүнчө сары) А-нын уюгуна тукумдоочу «күкүк» аарылар болуп бөлүнөт. Кыргызстанда кездешүүчү уюкташып (топтошуп) жашоочуларга шимикчи, жапайы ж-a бал аарысы кирет. Топтошуп жашоочулар тукум берүүчү ургаачы, тукумсуз жумушчу ургаачы А-лардан турат. Эркеги күзүндө уюкка келип, ургаачысы менен урукташкандан кийин өлөт. Уюкта ургаачылары (эне ж-a жумушчулары) гана кыштайт. Уюкташып жашоочулар дарак көндөйүнө, таш коңулуна, жар же там кычыгына уя салат, өсүмдүк ширесин, чаңчасын чогултуп кышка камдайт. Уюкта 100 миңге чейин особдор жашайт. Жалгыздан жашоочу А-лардын түрү дүйнө жүзүндө өтө көп. Уруктанган ургаачысы жерге уя казат же даяр көңдөйлөрдү пайдаланат. Уюк бир нече уячадан турат, аны чаңча жана иштетилген өсүмдүк ширеси менен толтурат. Ар бир уячага бирден жумуртка тууп, анын оозун жапкандан кийин жаңы уя салганга киришет. А-нын көпчүлүгү О. Азияда, асыресе Кыргызстанда да кездешип, өсүмдүктөрдү чаңдаштырууда зор мааниге ээ, к. Бал аарысы.