АСФАЛЬТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:28, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСФАЛЬТ (гр. аsрhаltоs ‒ тоо чайыры) ‒ битум менен майда минерал заттардын (акиташ, кум ж. б.) аралашмасынан турган курулуш текзаты (материалы). А. табигый жана жасалма болуп бөлүнөт. Т а б и г ы й А. жеӊил фракциялардын бууланышынын жана гипергенездин таасири астында окистенишинин натыйжасында нефтиден пайда болот. Нефть адегенде илээшкек коюу мальтка, андан кийин оӊой эрүүчү катуу А-ка айланат. А-тын андан ары өзгөрүшү асфальтитти пайда кылат. А. жаратылышта курамы 2‒20%ке чейин асфальтити бар акиташ тегинин, доломиттин ж. б. тоотектеринин жаракасында кезигет. Ж а с а л м а А. майдаланган минералдык заттарга аралаштырылган 13‒60% битум аралашмасы. Табигый А-тын курамында нефть майы көп жана бир нече процент парафин болот. А. күкүмдөрүн ысытуу убагында аларды табигый же нефть битуму менен аралаштырып, А. мастикасын даярдайт. А. мастикасы бир өӊчөй түзүлүштө болууга жана андагы битумдун кошундусу б-ча салмагы 13%тен кем болбоого тийиш.