ГРЕЧКО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:14, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (5), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (11), А. И. → <span cat='ж.кыск' oldv='А. И.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

Андрей Антонович [4 (17). 10. 1903, Голодаевка кыш., Таганрог округу, Дон Армиясы обл., Россия империясы (азыркы Ростов обл., Куйбышев р-ну, Куйбышево айылы) – 26. 4. 1976, Москва] – сов. аскер, мамл. жана партиялык ишмер. Советтер Союзунун Маршалы (1955), Советтер Союзунун эки жолку Баатыры (1958; 1973), Чехословакиянын Баатыры. 1919-ж. өз ыктыяры менен Жумушчу-Дыйкандар Кызыл Армиясында кызмат өтөгөн. Украинада анархисттик түзүлүштөрдү жоюуга, Түн. Кавказдагы улутчул кыймылдарды талкалоого, Түш. фронттогу генералдар анын ичинде Деникин жана П. Н. Врангелдин аскерлерине каршы согуш аракеттерине активдүү катышкан. Атчан аскер мектебин (1926), М. В. Фрунзе атн. Аскер академиясын (1936), Башкы штабдын Аскер академиясын (1941) бүтүргөн. 1938-жылдан полк командири, 1938-жылдан дивизиясынын штаб башчысы. 1939-ж. Кызыл Армиянын поляк өнөктүгүнө катышкан. Улуу Ата Мекендик согушта дивизиянын, 1942-жылдан корпустун, 12-марттан ыкчам топтун командири. 1942-жылдын апрелинен Донбасс менен Түн. Кавказда 12-армиянын, сентябрдан Новороссийск жана Туапсе багыттарындагы 47- жана 18-армиянын, 1943-жылдан Түн. Кавказда 56-армиянын командачысы, 1943-жылдан Воронеж фронтунун командачысынын орун басары, 1943-ж. 15-декабрдан Украинаны, Польшаны жана Чехословакияны бошотууга катышкан 1-гвардиялык армиянын, 1945–53-ж. Киев аскер округунун командачысы, 1953–57-ж. Германиядагы советтик аскерлер тобунун башкы командачысы, 1957-ж. ноябрдан СССР Коргоо министринин биринчи орун басары жана Кургактагы аскерлердин башкы командачысы, 1960-ж. апрелден СССР Коргоо министринин биринчи орун басары жана Варшава Келишимине мүчө өлкөлөрдүн Бириккен Куралдуу Күчтөрүнүн башкы командачысы, 1967–76-ж. СССР Коргоо министри. Ал Советтер Союзунун коргонуу жөндөмүн бекемдөөгө чоң салымын кошкон. Чехословакияга сов. аскерлердин киришин (1968), Даманск а-ндагы чек ара жаңжалындагы согуштук аракеттерди (1969), Вьетнам жана Араб-Израиль согуштарындагы сов. аскер бөлүктөрүнүн жана кеңешчилеринин ишин көзөмөлдөгөн. Анын жетекчилиги менен армия жана аскер-деңиз флоту жаңы аскер техникалары менен жабдылган. Аскер кызматынын мөөнөтү 3 жылдан 2 жылга чейин кыскарган. 1952–61-ж. КПСС БКнын мүчөлүгүнө кандидат, 1961–73-ж. КПСС БКнын мүчөсү, 1973-жылдан КПСС БКнын Саясий Бюросунун мүчөсү. СССР Жогорку Советинин бир нече жолку чакырылыштарынын депутаты. Ысымы Москва, Киев ж. б. ш-ндагы көчөлөргө, Ленинград аскер-деңиз академиясына берилген. Өзү туулуп-өскөн мекенине эстелиги орнотулган. 6 Ленин ордени, 3 Кызыл Туу ордени, 2 1-даражадагы Суворов, 2 1-даражадагы Кутузов, 2-даражадагы Суворов, 1-даражадагы Богдан Хмельницкий ордендери жана медалдар менен сыйланган.