АДАБИЙ ТИЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:37, 13 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата v1e2_72-116>Kadyrm тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
‒ белгилүү бир адабий нормага салынган жалпы элдик тилдин жогорку формасы. А. т. айтылышы ж-а жазылышы такталып, жалпыга бирдей кодификацияланат ж-а стилдик жактан кеӊири жиктелип, оозеки ж-а жазуу түрүндө колдонулат. Ал коомдук ж-а функционалдык статусу б-ча улуттук тилдин калган формалары ‒ говор, диалектилерден кескин айырмаланып, белгилүү даражада регламенттелген мүнөзгө ээ коомдук-социалдык ж-а тарыхый -маданий кубулуш болуп саналат. А. т-дин жаралышы, өнүгүшү ж-а калыптанышы коомдун жалпы өнүгүшүнө ж-а ошол элдин жалпы мад-тынын деӊгээлине жараша аныкталат.

А.т.‒ бир нече диалектинин базасында, жалпы элдик, улуттук ж-а мамл. тилдин негизги формасы. Кыргыз А. т.‒ кыргыз тилинин жалпы элге орток белгилеринин негизинде Октябрь рев-ясына чейин эле алгач оозеки, кийин жазма формада жаралган. Кыргыз А.т-нин өнүгүү, калыптануу процесси уланууда. С. Мусаев.