БАЗАЛЬТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:11, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАЗАЛЬТ [лат. basaltes, гр. basanos ‒ сыналуучу таш, эфиоп. basal ‒ тамырлуу таш] ‒ агылып чыккан жанар тоо теги. Эффузив тоо тектеринен жер бетине эӊ эле көп таралганы (алардын ичинен Б. сапаты б-ча кургактыкта 40%, океан түбүнүн 90% ээлейт). Курамынын негизги бөлүгү плагиоклаздан (лабрадор, битовнит же анортит), авгиттен жана оливинден турат. Адатта кошумча иретинде пироксен, магнетит, ильменит ж. б. кездешет. Тоо тек, кээде тыгыз же абдан майда бүртүкчөлүү массадан, кээде оливин, негизги плагиоклаз жана базальттык роговой обманкалуу авгиттин порфирдик бөлүкчөлөрүнөн турат. Б. Жерде гана эмес, жер тобуна тийешелүү планеталарда, Айда эӊ кеӊири таралган тектерден болуп эсептелет. Алардын кеӊири таралган түрү ‒ толлеит Б-тары нормалдуу же начар жегичтиги менен башка жегичтик жана кремнийге кедей Б-тардан айырмаланып, океандардагы дээрлик бардык аралдарда, суу алдындагы жанар тоо курулмаларында, материктердеги платформалар менен рифтерде таралышы мүнөздүү. Б-тарда жез, никель, платина ж. б. кендери учурайт. Б. ‒ эӊ жакшы курулуш материалы.