БАБИРУССА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:08, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАБИРУССА (Babyrousa babyrussa) – чочколор тукумундагы сүт эмүүчү. Уруунун жалгыз түрү. Дене уз. 90-199 см, жалынан бийиктиги 65-80 см, салм. 100 кгга жетет. Башы кичине, кулагы кыска. Жону томпок, буттары салыштырмалуу бийик жана ичке. Териси дээрлик жылаңач, күрөң же кара-боз түстө, сейрек жана кыска түк менен капталган. Эркегинин үстүңкү кылкыйма тиши узун (30 смге чейин), жогору карай өсүп, дого сымал өйдө кайрылып өсүп, карган Б-нын үстүңкү жаак сөөгүнө кирип калат. Негизинен Сулавеси жана ага жакын аралдарды мекендейт. Жалгыздан же саздуу токойдо жашайт, аралдардын ортосун сүзүп өткөнгө жөндөмдүү Негизинен өсүмдүк менен азыктанат. 5 ай көтөрүп, 1-2 торопой тууйт. Жергиликтүү калк үй жаныбары катары кармашат. Зоопаркта жакшы көбөйөт, 10 жылга чейин жашайт. Табиятта саны азаюуда. ТКЭСтин Кызыл китебине катталган. (сүрөтү – БРЭ 2-том, 621-бет)