БАБЕЗИОЗДОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:08, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАБЕЗИОЗДОР, а б е з и е л л ё з д о р ‒ малдын жугуштуу ылаӊы. Ваbesiа уруусундагы жөнөкөйлөр пайда кылат. Иксод кенеси таратат, румын окумуштуусу В. Бабеш ачып (1888), анын ысымынан аталган (1893). Муну менен көбүнчө уй, кой, эчки, жапайы айбанаттардан ‒ муфлон, аркар ылаӊдайт. Ылаӊ көбүнчө Европа жана О. Азияда таралган, негизги белгилери: малдын сүтү 80 %ке чейин азаят; кой, эчки, уй бала салат; ичи катат; тез арыктайт; сийдиги кызгылт, кийин кочкул кызыл болуп, канында мите пайда болот; дем алуусу начарлап, көк боору, боору, бөйрөгү чоӊоюп, өт баштыгына коюу өт толот; анемияга чалдыгат. Гемоспоридин, акаприн, беренил, азидин ж. б. менен дарыланат. Алдын алуу үчүн жайыттагы жана короодогу кенени жок кылуу керек.