БАБАШ-АТА КЫРКА ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:08, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (6)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАБАШ-АТА КЫРКА ТООСУ ‒ Фергана тоо тизмегинин түн.-батыш бөлүгү. Унтама, Алаш-Тоо, Ангырак-Тоо массивдеринен турат. Батышынан Нарын д., чыгышынан Кара-Үӊкүр суусунун алабы, түштүгүнөн Фергана өрөөнү менен чектешет. Орт. бийикт. 3480 м, эӊ бийик жери ‒ 4427 м, Бабаш-Ата чокусу. Уз. 70 кмдей, туурасы 25 км. Түн.-чыгышы түш.-батышынан бийигирээк, зоокалуу чокулары мөӊгүлүү; түш.-батыш жагы жапызыраак. Каптал беттери аскалуу, шагыл таштуу жана урандылуу. Түзүлүшү б-ча горст-моноклиналь. Палеозойдун сланец жана акиташ тектеринен түзүлгөн. Кышы узак, суук, жайы салкын. Жылдык жаан-чачыны 500‒800 мм. Алаш-Тоодогу кайкыда саздар жана башаттар көп. Майлы-Сай, Кара-Үӊкүр ж. б. суулар Бабаш-Атадан башталат. Кырка тоонун түш., түш.-чыгыш капталдарына кургак талаа (800‒1000 м), талаа жана шалбаалуу талаа (1000‒1700 м), токой, бийик чөптүү шалбаа (1700‒2800 м), субальп (2800‒3000 м), альп шалбаасы (3000‒3500 м), гляциалдык-нивалдык (3500 мден өйдө); түн.-батыш капталдарына талаа (1000‒1700 м), шалбаалуу талаа жана шалбаа (1700‒3000 м), субальп жана альп шалбаа (3000‒3500 м), гляциалдык-нивалдык (3500 мден жогору) ландшафт алкактары мүнөздүү. Алма, алча өӊдүү жапайы дарактар, жаӊгак токою (Арстанбап, Кызыл-Үӊкүр өрөөндөрүндө) жыш. малга жайлуу.

                                                          Ө. Бараталиев.