АЯНТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:06, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

план б-ча курулган имараттардын аралыгындагы коомдук мааниси бар жашылдан дырылган бош жер. Шаарларды жана кыштактарды курууда А. эки түргө бөлүнөт: башкы аянт (театр, вокзал, соода, коомдук-адм. имараттар дын алдында); кичи аянт (эстеликтердин, парктардын, стадиондордун, окуу жайлардын жана
өнөр жай ишканаларынын алдында). Египетте, Грекияда жана Римде форумдар үчүн, ал эми Кайра жаралуу доорунда собордук жана табынуу үчүн курулган имараттардын алдында А-тар болгон. Дүйнөдөгү белгилүү А-тар: Флоренция дагы Синьория (13‒16-к.), Римдеги Капитолий (16‒17-к.), Ленинграддагы Дворец (18‒19-к.), Москвадагы Кызыл, Манеж, Свердлов А-ы (15‒20-к.), Бишкектеги Ала-Тоо аянты.